Жалал-Абадда 1 социалдык обьекти жана 22 турак жайдын короолорун сел каптады

  • 9 месяцев мурун

Жалал-Абадда сел каптаган аймактардагы короо жайлар тазаланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-октябрь күнү кечки саат 21:10 чамасында облус аймагында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Сузак райоунун Барпы айыл аймагына караштуу Боз-Чычкан айылында аралап өткөн Ачы-Сай каналынан суу ашып, турак жайлардын короо жайларын каптаптаганы кабарланган. Жерине облустук жана райондук жарандык коргоону башчылары, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жеринде иш алып барып, 1 социалдык обьекти жана болжол менен 22 турак жайдын короолорун сел суулар каптагандыгы аныкталган. 24-октябрь күнү таңга жуук жээрине облустук жарандык коргоону башчысы Абсаттар Сыргабаев, ӨКМдин Жалал-Абад облсу боюнча башкармалыгын башчысы полковник Абдулнасир Закиров, Мониторинг жүргүзүү жана божомолдо департаменти менен биргеликте сел өткөн аймактарды жеринен көрүп,ыкчам чараларды кабыл алуу боюнча тапшырмаларды койду. Учурда жергиликтүү жарандык коргоону кызматарынын күч каражаттарынын жардамында тазалоо жумуштары жүрүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты