Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри болуп Нурбек Сатаров дайындалды

  • 2 года мурун

Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри болуп Нурбек Сатаров дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 12-июль күнү шаар мэри Эрнисбек Ормоков Нурбек Сатаровду эмгек жамаатка тааныштырып, иштерине ийгилик каалады.

Нурбек Сатаров эмгек жолун Нарын облустук мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис катары иштөөдөн баштаган. Ал эми 2020-жылы Ат-Башы районунун акими, 2021-жылдан ушул мезгилге чейин Ала-Бука районунун акими кызматын аркалап келген.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Азамат Раматиллаев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты