Жалал-Абад шаарындагы рестораны менен мейманканасын декларациясында көрсөтпөгөн депутат

Жогорку Кеңештин депутаты, жеке ишкер Жеңишбек Токторбаев 2004-2008-жылдары Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты болгон. 2013-жылы Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов камалып кеткенде аларды чыгаруу талабы менен акцияга чыккандардын катарын толуктап келген. Ошол кездери Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев менен чогуу “массалык башаламандык уюштуруу” беренеси менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бирок жаңы бийликтин заманында ал сот чечими жокко чыгарылды.

2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын катарында Жогорку Кеңешке депутат болуп келди. Депутат катары Жеңишбек Токторбаев бир нече мыйзам долбоорлорун сунуштаган. Ал Кыргызстандын экс-президенттерине ыйгарылган артыкчылыктарга каршы чыгып,  мамлекеттик күзөт кайтарбашы керектигин айткан.

Ошентип мурунку жылдары “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө”(экс-президенттерди бир катар артыкчылыктарынан ажыратуу), “КР Президентинин Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларындагы мамлекеттик резиденцияларынын аймактарында жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттерин жана жер тилкелерин улутташтыруу жөнүндө”(Турдакун Усубалиев, Чыңгыз Айтматов, Абсамат Масалиевдин дачаларын улутташтыруу), КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо”, “КР министрлер Кабинети жөнүндө” (соттуулугу бар жарандар президент, ЖК депутаты жана министрлер кабинетинин мүчөсү боло алышпайт)  мыйзам долбоорлорун демилгелеген.  

Мындан тышкары, ушул жылдын май айында Жеңишбек Токторбаев мал жандыктарына салык киргизүүнү сунуш кылган. Мыйзам долбооруна ылайык, мал кармагандар жылына ар бир кой-эчкиге 100 сом, ири мүйүздүү малга жана жылкы башына 250 сом төлөшү керек.

Андан кийин көп өтпөй Салык Кодексине дагы бир өзгөртүү сунуштады. Анын айтымында, айыл-чарба жерлеринин салыгын көтөрүү керек. Учурда Чүй облусунда бир гектар жер үчүн салыктын көлөмү 407 сомду түзөт.

Ал эми депутаттын коомдон жашырган бизнес компанияларына саресеп сала турган болсок, sled.politmer.kg порталынан алынган маалыматка ылайык, “Дастан-Ж” жоопкерчилиги чектелген коомуна жалгыз өзү ээлик кылат.

Жалал-Абад шаарындагы рестораны менен мейманканасын декларациясында көрсөтпөгөн депутат

КРнын кем эле дегенде үч мыйзамы: “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”, “КР ЖК депутатынын статусу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдары депутатка жана анын  жакындарына бизнес менен алектенүүгө тыюу салат.  

Албетте, бул бизнес уюму жалгыз болбошу ыктымал. Расмий ачык булактардан алынган маалыматтар боюнча депутаттын өзүнө катталган ЖЧК ушул гана. Бирок ушул жылдын март айында ЖМКларга жарыяланган чуулгандуу окуяны эске салып кетсек, биздин каармандын мейманканасы да бар. 2023-жылдын 9-мартында куруучу болуп иштеген жаран ремонттолуп жаткан мейманкананын ээси аны сабап салгандыгын айтып, Жалал-Абад ИИБге арыз жазып кайрылган. Буга эл өкүлүнүн оңдоо иштерин жасап жаткандарга карыз экендиги себеп болгонун журналисттерге компания ээси билдирген. Куруучулар Жеңишбек Токторбаевдин Жалал-Абад шаарындагы мейманканасынан тышкары, Бишкек шаарындагы батирин да ремонттошкону айтылат.

Жалал-Абад шаарында жайгашкан Dastan Hotel мейманканасынын сайтында “Жалал-Абад” ресторанынын сүрөттөрү да илинип турат.

Жалал-Абад шаарындагы рестораны менен мейманканасын декларациясында көрсөтпөгөн депутат
Жалал-Абад шаарындагы рестораны менен мейманканасын декларациясында көрсөтпөгөн депутат

Бул ресторан менен отель бир адамга таандык болгондугунан кабар берет. Sled.politmer.kg порталынан “Дастан-Ж” жоопкерчилиги чектелген коому менен ресторандын дареги дагы бир экенин көрсөк болот.

Жалал-Абад шаарындагы рестораны менен мейманканасын декларациясында көрсөтпөгөн депутат
Жалал-Абад шаарындагы рестораны менен мейманканасын декларациясында көрсөтпөгөн депутат

Албетте, бул бизнестерин Жеңишбек Токторбаев 2021-жылы тапшырган киреше жана мүлктөрү тууралуу декларациясында көрсөткөн эмес.

Жалал-Абад шаарындагы рестораны менен мейманканасын декларациясында көрсөтпөгөн депутат

Мыйзамдарды көзүнө илбеген эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев коомдон дагы кандай байлыктарын жашырып жүрөт?

Автор: Наргиза Нанакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты