Жалал-Абад шаарында эки наристени жар басып, чарчап калды

  • 2 месяца мурун

Жалал-Абад шаарынын Барпы көчөсүндө 2 жашар жана 4 жашар наристени жар басып, чарчап калышты.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, окуя 8-июлда болгон. Милицияга кабар кылган аял эки жана төрт жашар балдар жар алдында калганын кабарлаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары келгенче наристелерди жергиликтүү тургундар чыгарып алган, бирок алар ооруканага жеткиче чарчап калышкан.

Балдар жарга жакын жайгашкан үй ээсинин уулу жана небереси болгондугу айтылды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты