Жалал-Абад шаарында 10го жакын турак үйдүн, 3 социалдык объектинин короолорун суу каптады

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 16-апрелде Аксы, Кара-Көл, Жалал-Абад шаарларында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен бир топ турак жайлардын, көп кабаттуу үйлөрдүн, социалдык обьектилердин жертөлө жана короолорун сел суулары каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кырдаалга байланыштуу жеринде жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары жана министрликтин облустук башкармалыгынан түзүлгөн ыкчам топ тартылды.

Мындан сырткары, район-шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттары даярдыкка келтирилип, өз аймактарында тиешелүү жумуштарды алып барууда.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 10го жакын жеке турак үйдүн, 3 социалдык объектинин жана 1 жеке менчик соода түйүндүн жертөлө, короолорун сел суулары каптады

Учурда жерине шаардык жарандык коргонуу кызматтарынан жалпысынан 123 кызматкер, 8 техника тартылып, мотопомпанын жардамында сел суулары тартылууда.

Мындан сырткары Кара-Көл шаарынын аймагындагы Бишкек-Ош авто унаа жолунун 420-426-чакырымдарында жолго таш кулап, жүргүнчүлөргө кыйынчылыктар жаралгандыктан, жеринде №30 Жол тейлөө ишканасы тарабынан 2 оор техника жана тиешелүү кызматкерлер тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Жол эки тараптуу ачык.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты