Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты менен Базар-Коргон районунун акими алдамчылыкка шектелип кармалды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты, “Альфа Телеком” ишканасынын Жалал-Абад облусундагы аймактык филиалынын директору менен Базар-Коргон районунун акими алдамчылыкка шектелип кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, кармалгандар Базар-Коргон шаарына кайрадан мэр болгусу келген жарандан 20 миң доллар алдап алган жана аны президент Садыр Жапаровго беришерин айтышкан.

“Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты Э.Б.А. жана Базар-Коргон районунун акими С.Ж.М. Т.И.А. аттуу жаранга Базар-Коргон шаарынын мэри кызматына кайра келишине көмөк көрсөтөрүн айтып, анын ишенимине кирип, жеке кызыкчылыкты көздөп, андан ары президент Садыр Жапаровго өткөрүп берүү шылтоосу менен 20 миң долларын ээлеп алган. Алар мурдагы убадасын аткарбай, акчасын кайтарбай, акча берген жаранды коркута баштаган», -деп жазылган маалыматта.

Учурда кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты