Жалал-Абад ОИИБнин убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы кармалды

  • 5 месяцев мурун

Жалал-Абад облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө камактагылардан опузалап акча талап кылууга көмөктөшкөнгө шектелип, убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери тарабынан акчалай компенсация алуу үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө ыңгайлуу шарттар түзүлүп, алар убактылуу кармоочу жайдын ичинде ээн-эркин жүрүп, камераларга кирип, соттолуучуларды сабап, ири суммадагы акча талап кылгандыгы аныкталды.
Ошол эле учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү камактагылардын туугандарына жана тааныштарына телефон чалып,«MegaPay», «O!Money» жана «МБанк» электрондук капчыктарынын номерлерине акча которууну мажбурлашкан. 2023-жылы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жогорудагы схема боюнча Убактылуу кармоочу жайлардын туткундарынан 6,5 миллион сом алып, кийин «жалпы фонд» деп аталган каражатка чегерилгени такталган.
21-февралда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад шаардык ОИИБ УКЖнын мурдагы башчысы С.у.Н, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты