Жалал-Абад облусунда  тоо-кен ишканасынан 200 миң АКШ долларын талап кылууга шектүүлөр кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Жалал-Абад облусундагы кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары И.Н.А. аттуу жаран 10 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап алуу учурунда кармалды.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, кармалган И.Н.А. аттуу жаран ички иштер органынын мурдагы тергөөчүсү болуп, Чаткал районунун экс-акими Т.А. жана Н.А.К. менен бирге узак убакыт бою Чаткал районунун аймагындагы тоо-кен иштерине тартылган чет элдик инвесторлордон 200 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап, бул аймактагы инвесторлордун иштөөсүнө тоскоолдук жаратабыз деп коркутуп келишкен.

Аталган адамдар үстүбүздөгү жылдын июль айында эки транш менен 60 миң АКШ долларын алып, калган сумманы опузалоону уланта беришкени аныкталган.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалоо) менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Жалал-Абад облусунда  тоо-кен ишканасынан 200 миң АКШ долларын талап кылууга шектүүлөр кармалды
Жалал-Абад облусунда  тоо-кен ишканасынан 200 миң АКШ долларын талап кылууга шектүүлөр кармалды
Жалал-Абад облусунда  тоо-кен ишканасынан 200 миң АКШ долларын талап кылууга шектүүлөр кармалды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты