Жалал-Абад облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
- 3 months мурун
Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 17-август күнү саат 19:54дө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Сузак районунун Октябрь, Жерге-Тал айылдарында – 4,5 балл, Көк-Жаңгак шаарында, Кара-Чолок айылында – 4 балл, Жалал-Абад шаарында – 3,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Муну бөлүшүү