Жалал-Абад милициясы мушташка катышкандардын төртөөнү аныктады
- 1 год мурун
2-июлда кечинде, саат 20:20 чамасында Жалал-Абад шаарындагы супермаркеттердин биринин алдында мушташып, ызы-чуу салган балдардын төртөө аныкталды.
Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Бул окуя Жалал-Абад щаардык ички иштер бөлүмүнүн (ШИИБ) маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга катыштыгы бар Жалал-Абад шаарынын 21 жаштагы 4 тургуну милиция бөлүмүнө жеткирилди.
Азыркы учурда окуянын калган катышуучуларын аныктоо иштери жүрүп жатат.
Алдын ала маалыматтар боюнча ызы-чуу ич ара пикир келишпестиктен улам келип чыккан.
Сүрөттөр: Жалал-Абад ОИИББ басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү