Жалал-Абад: 35 жаштагы жаранды 8 жолу бычактоого шектүү кармалды
- 1 год мурун
7-сентябрга караган түнү саат 01:40та Жалал-Абад шаарындагы эс алуучу клубдардын биринин алдында 35 жаштагы жаранга белгисиз адам тарабынан 8 жолу бычак сайылган. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жабыркаган жаран Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Бул окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголгон.
Жалал-Абад ШИИБ тарабынан кылмышка шектүү катары Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын тургуну 2004-жылы туулган Б.Б. кармалды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Муну бөлүшүү