Жакында Бишкектин жолдорунда чуңкурлар оңдолот

  • 5 месяцев мурун

Жакында Бишкектин жолдорунда чуңкурлар оңдолот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бишкек шаарында кышкы сууктан кийин жолдордогу айрым тилкелерде асфальт төшөлмө талкаланганы байкалууда. Жаздын келиши менен бул тууралуу шаардыктардан келген даттануулар да көбөйүүдө.

Жолдордо аң-чөнөктөрдүн пайда болушу табигый процесс жана аба ырайынын өзгөрүшүнө, транспорттун интенсивдүү кыймылына байланыштуу.

Жолдордогу оюлган чуңкурлар көбүнчө эксплуатация мөөнөтү аяктаган эски жолдордо болууда», — деп жазылат маалыматта.

Учурда «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы шаардын көчөлөрүнө мониторинг жүргүзүп, көйгөйлүү тилкелерде убактылуу оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Борбор калаада суук аба ырайы сакталып жаткандыктан, чуңкурларга ысык асфальт төшөп, оңдоо мүмкүн болбой жатат. Учурда кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдын алдын алуу максатында жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн убактылуу материалдар менен гана маселе чечилүүдө.

Аба ырайы турукташканда ишкананын кызматкерлери шаардын көчөлөрүндөгү чуңкурларды оңдоого киришет. Айрым көчөлөрдү толугу менен асфальттоо пландалууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты