Жактоочу: «Алымкадыр Бейшеналиев кызматына кайтып келүүгө толук укуктуу»
- 2 года мурун
Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
«Бейшеналиевдин иш-аракетинен кылмыш табылбаган, ошондой эле эми анын Саламаттык сактоо министри кызматына кайрадан келишине толук укугу бар«, — деп жазды жактоочу.
Башкы прокуратура Бейшеналиевди 2-июнда коронавируска каршы вакцина сатып алуудагы коррупцияга байланыштуу кармап, ага карата 7 кылмыш ишин козгогон. Андан соң министр ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетилген.
16-июнда Бишкек шаардык соту Бейшеналиевди үй камагына чыгарып, ага карата козголгон иш ИИМге өткөрүлгөн.
Муну бөлүшүү