Жайылда 6 баланын өмүрүн алган окуя боюнча айдоочу эки айга камалды

  • 4 месяца мурун

Чүйдөгү Жайыл районунун Алтын айылында алты баланын өмүрүн алган автокырсыкка шектелген 40 жаштагы айдоочу 19-августка чейин камакка алынды. Чечимди Жайыл райондук соту кабыл алды.

Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Жайыл районунда унаа көлмөгө кулап, андагы бир бүлөнүн алты баласы каза тапкан. Унаада үч киши жана сегиз бала болгон.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы билдирди.   

“20-июнда 1984-жылы туулган Г.Т. өзүнүн үй-бүлөсү жана кайын эжесинин үй-бүлөсү менен Жайыл районунун Алтын айылындагы көлмөдө эс алышкан. Ичимдик ичип алган айдоочу Г.Т. болжол менен саат 18:30да «Фольксфаген Жетта» унаасын айдап баратып, рулду башкара албай, унаа менен кошо көлмөгө түшүп кеткен. Кырсыктан айдоочу, аялы, бир жашар кызы, кайын эжеси жана анын жети жашар кызы аман калган. Ал эми 4, 5, 6, 7, 8 жана 9 жаштагы балдардын өмүрү кыйылган. Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 312- беренеси менен кылмыш иши козголгон. Г.Т. аттуу айдоочу кармалып, убактылуу жайга камалды» деп айтылат» маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты