Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы жана  жактоочу пара менен кармалды

Чүй облусунун Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы ишенимдүү адвокат аркылуу айыптоонун квалификациясын жеңилдетүүчү жагына өзгөртүү жөнүндө маселени оң чечкендиги үчүн пара алгандыгы аныкталды.

 Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, козголгон кылмыш ишинин алкагында Башкы прокуратуранын ички иликтөө башкармалыгы менен бирге кылмыш ишинин фигурантынан 80 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган Ш.Н.Ж. аттуу жактоочу кармалган. Ал алынган каражатты Чүй облусунун Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы О.Н.С.га  кылмыш ишинин беренелерин анча оор эмес беренеге жеңилдеткендиги үчүн пара катары өткөрүп берген.

Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен адвокат кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) менен, прокурордун жардамчысы кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (пара алуу) менен айыпталган.

Учурда КР УКМК тарабынан аталган кылмышты жасоого башка адамдардын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты