Жаңжалдар өзгөрткөн салттуу түшүнүктөр: Чек арада жашаган аялдардын тынчтык үчүн күрөшү жана алгачкы кадамдары
- 11 месяцев мурун
- Баяндар, Фоторепортаж
Кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кагылышуу болгонуна бир жылдан ашты. Былтыр ушул айларда куралдуу агрессиянын кесепетинен 63 кыргызстандык каза болуп, 138 миңден ашуун адам өз үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. Жоготуулар Тажикстан тараптан да катталган.
Андан бери эки өлкө чек араны тактоо боюнча тынымсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар протоколдорго кол коюлду. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесстеринин жашыруун жүргөнүнө байланыштуу сүйлөшүүлөр кандай жүрүп жатканы азырынча белгисиз бойдон калууда.
Куралдуу кагылышуулар: Кечээ жана бүгүн
Кыргызстан өзүнүн эгемен тарыхында чектеш жайгашкан Казакстан, Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан менен бир катар чек ара чырларын башынан өткөргөн. Расмий маалыматка ылайык, 2010-жылдан бери Кыргызстанда чек арага байланыштуу 363 жаңжал чыккан.
Акыркы жылдары чек ара жаңжалдарынын жалпы саны азаюуда. Бирок чек ара чырларынын жалпы саны азайганы менен, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы куралдуу кагылыштардын саны өскөн.
Алсак, 2019-жылдан бүгүнкү күнгө чейин кыргыз-тажик чек арасында курал колдонгон 30 кагылышуу болгон. Жаңжалдардын чыгуусуна талаштуу жерлер, суу, жайыт талашы сыяктуу факторлор себеп болгон.
Куралдуу салгылашуулар күчөгөн сайын чек арага чектеш жайгашкан жай тургундардын үйлөрү өрттөнүп, бүтүндөй айыл эли эвакуация болууга мажбур болушкан.
Мындай абал 2021-жылы апрель жана 2022-жылы сентябрь айында масштабдуу болгон. Расмий маалыматка ылайык, 2022-жылы сентябрь айындагы куралдуу кагылышуудан Баткен облусунун ар бир төртүнчү тургуну эвакуацияланууга мажбур болгон. Алардын басымдуу бөлүгүн аялдар жана балдар түзгөн.
Арка айылынын тургундары: “Тилегенибиз тынчтык гана…”
Баткен облусунда чек арага жакын жайгашып, тутанган жаңжалдардан жабыркаган ондон ашык айыл бар. Алардын бири — Арка айылы.
Арка айылында азыр абал тынч. Мурдагы жашоосуна кайтып, көчөлөрдө кадимки жай турмуш өкүм сүрүп жатканына айыл эли кубанып жаткан чагы.
Гүлайым Добутова — Арка айылынын тургуну. Ал 24 жылдан бери ушул айылда жашайт.
Гүлайым Добутованын айтымында, айыл элинин тилегени бир гана тынчтык.
“Биздин айыл жаңжалдар учурунда көп жолу аткылоого кабылды. Үйлөр өрттөндү жана эң өкүнүчтүүсү жаш жоокерлер, жай тургундар каза болуп кетти. Азыр ошол күндөрдү эстесек жүрөгүбүз тилинет. Эми азыр эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын угуп жатабыз. Элдин тилегени маселе эртерээк чечилип, мындан ары кан төгүлбөсө дейбиз”.
Гүлайымдын сөздөрүн айылдагы ар бир бата берип жаткан адамдын оозунан угууга болот.
Айрыкча чоң энелер “тынчтык болсун” деген сөздү айтуудан чарчашпаган сыяктуу.
Чек ара чырлары жана аялдар
Гүлайым Добутова жолдошу менен үч кыз бир уулду тарбиялап келишет. Алардын экинчи кызы Айдай келечекте дарыгер болууну кыялданат. Бирок Гүлайым кызы чек арачы болсо каршы болбой, тескерисинче, колдоого даяр экенин айтат.
“Кызым Айдай азыр 6-класста окуйт. Аябай зирек. Келечекте дарыгер болгум келет дейт. Баланын каалоосуна каршы чыкпайбыз, албетте. Бирок кээде атасы экөөбүз “чек арачы болбойсуңбу” деп айтып калабыз. Бул жакта иштеп, элге жардам берсе деп кетебиз”, — дейт Гүлайым.
Чынында, Кыргызстанда чек ара жаңжалдарын чечүү жана тынчтыкты орнотуу процесстерине катышууда аялдардын ролу өтө чоң эмес. Бул нерсени өлкөдөгү аялдардын мамлекеттик жана аскердик багыттагы чоң кызматтарды салыштырмалуу азыраак ээлегендиги менен түшүндүрүүгө болот.
Алсак, Кыргызстанда саясий жана атайын жетекчилик кызматтарды ээлегендердин 25%ы гана аялдар.
Ал эми Кыргызстандын коопсуздук жана чек ара кызматтарынын жетекчилик түзүлүштөрүндө аялдар жокко эсе.
Open Democracy уюмунун билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстандагы гендердик теңсиздик жана патриархалдык түшүнүктөр аялдарын тынчтык жана коопсуздук маселелерине катышуусуна тоскоол болуп келет.
Мындан сырткары, экономикалык факторлордун да таасири күчтүү.
Өзгөчө айыл жерлеринде аялдар жумушка орношуу жана туруктуу киреше табуу сыяктуу бир топ көйгөйлөргө кабылышат.
Арка айылынын тургуну Гүлайым Добутова кайра-кайра кайталанган чек ара жаңжалдарынан кийин аялдарга жумуш ордун түзүү керек деген пикирге келген. Анын ою боюнча, аялдар канчалык экономикалык жактан туруктуу болсо, стресске туруштук берүү жана кыйынчылыктарды жеңүүсү оңоюраак болот.
“Чек арада жашоо өзүңөр билесиңер да, оңой эмес. Ким үйүмдү өрттөп кетет, балдарга эч нерсе болбойбу деп жашоо деле өзүнчө чоң түйшүк. Бирок жеке мага “качып кетти” деген сөз аябай оор тиет. Жаңжалдардан кийин биз деле кетип калсак болот эле. Бирок бул жер биздин үйүбүз, туулган жерибиз. Бул жерлерди такыр таштап кеткибиз келбейт. Тескерисинче, ушул Арка айылында жумуш орундарын түзүп, жакшыраак шарттарды жаратсак дейм. Өзгөчө айылда аялдар үчүн жумуш орду аз да. Аялдарга көбүрөөк жумуш орду түзүлсө жакшы болот. Анткени чек аранын сакталышында аялдардын салымы чоң. Аялдар болбосо жалаң эркектердин бул жерде жалгыз жашоосу кыйын болмок. Ошол үчүн аялдар да күчтүү болушу керек”, — дейт Гүлайым.
Ал бул ойлордун аркасы менен түрдүү семинарларга катышып, иш ордун түзүүнү чечкен. Гүлайым 2021-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтыкты орнотуу жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган долбооруна катышып, командасы менен грант утуп алган. Гүлайымдын айтымында, бул аларга өз ишин баштоого болгон биринчи кадам болгон.
“Эки жыл мурда айылдагы аялдар менен чогуу БУУнун семинарына катыштык. Ал жерден экономикалык туруктуулук боюнча көп кеңештерди алдык. Командабыздын атын “Ынтымак” деп атап, семинардан кийин БУУга долбоор жаздык. Анда “айылдагы аялдардын экономикалык деңгээлин көтөрүү үчүн кондитердик цех ачууну каалайбыз” деп жазган болчубуз. БУУ биздин долбоорубузду колдоп керектүү техникаларды сатып алууга жардам берди. Аябай сүйүндүк. Арабыздагы алты аялдын төртөө мурда эч жерде иштеп көргөн эмес эле. Алгач үйдөн иштеп баштадык. Самса, каттама, нан сыяктуу той-ашка, күнүмдүк жашоого керектелүүчү бышырыктарды жасап сата баштадык.
Айылдагы элдерди тейлеп, “Ай, ушу силер азаматсыңар!” деген сөздөрдү укканда жакшы иштеп жатканыбызга ыраазы болуп жаттык. Андан көп өтпөй базар жактан орун таап, ошол жакка барып иштейли деп чечтик. Бирок техниканын баарын көчүрүп барып, жаңы иштеп баштаганыбызда дагы жаңжал чыгып, баары өрттөнүп кетти”, — дейт Добутова.
2021-жылы апрель айындагы жаңжал бул аялдардын чоң максаттарына суу сепкендей эле болгон. Анткени эвакуация учурунда айылдан кеткен аялдар кайтып келген соң өрттөнгөн имараттар менен кошо наабайкананын күлүн эле таба алышкан.
Белгилей кетсек, согуш жана жаңжалдар учурунда көбүнчө аялдар жер которууга мажбур болушат. Бул алардын социалдык жана экономикалык абалын ого бетер оордотот.
“Бирок мен баарын кайра башынан баштагым келди” дейт Гүлайым Добутова. Ал кондитердик цех ачуу кыялынан баш тартпай, бир жылдан соң өзү менен кошо сегиз аялды жумуш менен камсыз кылууга жетишкен.
“Кондитердик цех күйүп кеткенден кийин жаман болдум. Бирок кайра кантип ачсам деп көп жерге арыз жазып жүрдүм. Анан Айгүл Жапарованын “Эне-балага тирек” фонду жардам берип күйүп кеткен эмеректерди алууга көмөктөштү. Кийин “Даяр себет бышырыктары” деп кондитердик цех ачып кайра иштетип баштадык. Ишке айылда жумушу жок, үйдө отурган кыз-келиндерди чакырдык. Азыр буйруса жакшы, иштеп жатабыз”, — дейт Добутова.
Бул кичинекей бөлмөдө алар самса, каттама сыяктуу той-ашка керектүү бышырыктарды жасашат.
Бул жердеги жумушчу аялдардын бири Каныкейдин айтымында, мындай иш орундарын түзүү өзгөчө жалгыз бой энелер үчүн абдан маанилүү.
“Мен өзүм жалгыз бой энемин. Бул жерде иштеп баштаганыма бир жылга жакындап калды. Эми айылда жумуш орду аз да, ошого карабай азыр иштесек деген аялдардын саны өсүп жатат. Дагы көбөйөт деп ойлойм”, — дейт Каныкей.
Башкача айтканда, азыркы убакта аялдар мамлекеттик деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу жана тынчтыкты орнотуу процесстерине активдүү катышпаса дагы экономикалык жактан туруктуу болууну өздөштүрүп жатышкан чагы.
Унаа башкарган келиндер
Кыргызстандын башка айылдарына салыштырмалуу чек арага жакын жайгашкан айылдарда башка дагы өзгөрүүлөрдү байкоого болот.
Мисалы, азыр Арка айылында унаа башкарган аялдардын саны бир кыйла өскөн.
Салттарды катуу карманган тургундар үчүн бул чоң өзгөрүү.
Айыл тургуну Жамиля Маратова келини Жазгүлгө унаа айдаганды үйрөнүүнү өзү табыштаган. Ал буга бир канча себеп болгонун айтат.
“Уулум менен келинимдин беш баласы бар. Балам көбүнчө жумуш менен Бишкек, Ош, кээде Орусияга чейин кетет. Ошол убактарда үйдө унаа айдаганга киши жок болуп калчу. Мен өзүм корком. Анан баягыдай чек ара жаңжалдары чыгып кеткенде биз балдарды алып үйдөн кетишибиз керек болот. Ошого келиниме машина айдаганды үйрөн деп айттым. Бат эле үйрөндү, азыр айдап жүрөт”, — дейт Жамиля.
Айыл тургундарынын айтымында, бул чечим муктаждыктан улам келип чыккан. Унаа айдай алган келиндердин болушу аларга коопсуздук сезимин бергенсийт.
Жогоруда белгилеп өткөндөй, аялдардын чек ара чырларын чечүү жана тынчтыкты орнотуу процесстерине катышуусу азырынча төмөнкү деңгээлде. Бирок чек арага жакын жайгашкан айылдарда аялдардын абалын жакшыртуучу бир катар өзгөрүүлөр да байкалат.
Жаңжалдарды алдын алуу жана тынчтыкты орнотууда аялдардын ролу эмне үчүн маанилүү?
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча аялдар тынчтыкты сактоонун бардык чөйрөлөрүндө аскер жана жарандык персонал катары катышышат.
Тынчтыкты сактоо операцияларында аялдардын болушу, жаңжалдарды тынчтык жолу менен чечүү жана коопсуз дүйнөнү түзүүгө жардам бере турганын баса белгиленип келет.
“Аялдар тынчтык тиреги” долбоорунун координатору, гендердик эксперт Чынара Абдыраимакунованын айтымында, Кыргызстанда аялдардын тынчтыкты орнотуу процесстерине катышуусу өлкөнүн тынчтыгы үчүн абдан маанилүү.
“Биздин байкоолорубуз көрсөткөндөй, чек арага жакын жашаган айылдагы аялдар биринчиден коңшу өлкөнүн тургундары менен күнүмдүк алакада болгондуктан алардын маданиятын, салт-санаасын, жашоо образын дагы жакшы түшүнөт. Экинчиден, аялдар эркектерге салыштырмалуу маселелерди дагы жумшак, дипломатиялык жол менен чечкенге аракет кылат. Бул факторду “апанын инстинкти” деп атап койсо да болот. Анткени аялдар маселе курчуп кетсе, эң биринчи балдарына зыяны тиерин билгендиктен, тынчтыкка багытталган жолдорду тандоо ыктымалдуулугу жогору”- дейт Абдыраимакунова.
Чынара Абдыраимакунованын айтымында, аялдардын активдүүлүгүн жогорулатуу үчүн алгач алардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүү зарыл.
“Аялдардын тынчтыкты орнотуу процесттериндеги активдүүлүгүн жогорулатуу үчүн мамлекеттик деңгээлдеги чечимдерди кабыл алууга катышуусуна шарт түзүү керек. Анткени Кыргызстанда аялдар саясий багытта жетишээрлик деңгээлде активдүү эмес. Бул фактор башка чөйрөлөргө да түздөн-түз таасирин берип жатат. Мындан сырткары, аялдардын жана кыздардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө да маани берүү керек” ,- дейт Чынара Абдыраимакунова.
Ошондуктан бир катар уюмдар Кыргызстанды бул багытта иш алып барууга жана аялдардын потенциалын жогорулатууга багытталган иштерди жасоого чакырып келет.
Автор: Гулиза Урустамбек кызы
Бул материал, APWLD (Азия-Тынч океан аялдар, укук жана өнүгүү форуму ) уюмунун “Милитаризм, тынчтык жана аялдардын адам укуктары боюнча медиа жана визуалдык журналистика стипендиясынын” алкагында даярдалды.