Жаңы жылдык майрамдан кийин «Ала-Тоо» аянтынан төрт тонна таштанды чыгарылды
- 10 месяцев мурун
«Тазалык» муниципалдык ишканасы жаңы жыл түнү Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтынан төрт тонна таштанды чыгарды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Ишкананын 60 кызматкери, 6 атайын техникасы иш алып барды. Өткөн жылдагы жаңы жыл майрамына салыштырмалуу бул жолу аянтта киши көп болду. Тактап айтканда кишинин саны 15 000дин айланасында чогулган жана 1 тоннага аз таштанды чыккан.
Муну бөлүшүү