Жаңы жылдык маанай тартуулаган оюнчуктар. Фотобаян
- 2 года мурун
- Баяндар
2023-жылга саналуу күндөр калды. Бул убакта көпчүлүк үй-бүлөлөр жаңы жылга даярданып, үйүн кооздошсо, дагы бирилери жакындарын кубантуу үчүн белек камдап жатышкан болот.
“ПолитКлиника” медиасы жаңы жылдык маанай үчүн балатыга жана үйгө керектүү оюнчуктарды тизмектеди.
Жаңы жылдын кыскача тарыхы
Жаӊы жылды майрамдоо Месопотамияда 3-миӊ жылдыкта пайда болгон. Байыркы доордо көптөгөн цивилизациялар астрономиялык кубулуштарга же жаздын келиши сыяктуу окуяларга байланыштырып жаңы жылды белгилешкен. Ал эми азыр дүйнө жүзү боюнча календарлык датага айланган жаңы жыл биздин заманга чейинки 46-жылы Байыркы Римдин башкаруучусу Юлий Цезарь тарабынан киргизилген.
Жаңы жылдын символуна айланган балатыны кооздоо салты 18-кылымда Германияда пайда болгон. Байыркы немистер балатыны алма, печенье жана шириндиктер менен кооздой башташканы тарых булактарында айтылып келет.
Бара-бара бул салт өзгөрүп, түрдүү жана кооз оюнчуктар менен кооздоо кеңири жайылган.
Белгилей кетсек, балаты жаңы жылдын символу катары кабыл алынышынын дагы бир теориясында “Балаты тирүүлүктүн жана жаштыктын” булагы катары белгиленип келет.
Жаңы жылдык оюнчуктар
Балаты жана гирляндылардан сырткары, жаңы жылдык маанай үчүн кооз жана жасалгалуу оюнчуктар да кеңири колдонулуп келет.
Жогорудагы куурчактарды жана жаңы жылдык оюнчуктарды соода түйүндөрүнөн жана Mia Home дүкөндөрүнөн таба аласыз.
“ПолитКлиника” медиасы сиздерди келе жаткан жаңы жыл менен куттуктап, жагымдуу маанай каалайт!