Жаңы жылды майрамдоо учурунда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөйт

  • 2 года мурун

Жаңы жылды майрамдоо учурунда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

26-декабрда ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоо жана элге сервистик тейлөө көрсөтүү чаралары жөнүндө жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде жол-унаа кырсыктарын алдын алуу туурасында онлайн кеңешме өткөрдү.

Онлайн кеңешменин биринчи бөлүгүндө ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоо маселесине өзгөчө көңүл буруп, ички иштер органдарынын кызматкерлери жарандарыбыз жаңы жылды тосуу жана майрамдоо күндөрү “күчөтүлгөн тартипте” кызмат өтөөгө өткөрүлүп, коомдук тартипти сактоо, укук бузууларды алдын алуу боюнча “Комплекстүү” иш-чаралар мерчеми бекитилип, ар бир жетекчи тартипти камсыздоону натыйжалуу ишке ашыруунун үстүндө иш алып баруу керектигин белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты