Жаңы жыл майрамынан кийин Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында 5 тонна таштанды чыгарылды

  • 2 года мурун

“Тазалык” муниципалдык ишканасы жаңы жыл түнү түнкү саат 1:00дөн таңкы 5:00гө чейин Ала-Тоонун борбордук аянтынан 5 тоннадан ашык таштанды чыгарды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалпысынан таштанды чыгарууга 60 адам жана 7 атайын техника тартылган. Жаңы жыл түнү борбор калаанын көчөлөрүн жана аянттарын тазалоого жалпысынан 500дөн ашык кызматкер тартылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты