Жаңы төрөлгөн балдарды каттоонун жаңы санариптик жолу иштелип чыкты

  • 2 месяца мурун

Жаңы төрөлгөн балдарды мамлекеттик каттоого ала турган жаңы санариптик долбоор ишке ашып, өз натыйжасын бере баштаган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул санариптик долбоордун алкагында жаңы төрөлгөн ымыркай тууралуу маалымат төрөт үйүнөн дароо эле Санарипти өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментине түшөт. Ал эми бала төрөлгөндөн кийин 60 күндүн ичинде баланын ата-энеси туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн кайрылбаса, социалдык кызматкерлер үй-бүлөгө барып, жаңы төрөлгөн балага документ алуу керектигин эскертип турат.

«Аталган долбоор өз натыйжасын берип, 2024-жылдын 25-майдан 22-июлга чейин ата-энелери документтерин алуу үчүн кайрылбаган 876 баланын 398и туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышкан. Калган балдар боюнча социалдык кызматкерлер тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Долбоор Санариптик өнүгүү министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте ишке ашкан.

Министрликтин берген маалыматында, Кыргызстанда жыл сайын жаңы төрөлгөн балдардын 7-10%ы (10 миңге жакын) биринчи жылында туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышпайт. Бул балдардын мамлекет үчүн “көрүнбөгөн” болуп калышына жана төрөт боюнча жөлөкпул, медициналык кызматтар, бала бакчага кирүү, мектепке баруу сыяктуу кепилденген мамлекеттик кызматтарды албашына алып келет.

Ошондой эле, ата-энелердин балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк албашынын себептери такталып, аларга бул көйгөйдү чечүү үчүн жардам берилип жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: Интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты