Жаңы стадион европалык инвестициянын эсебинен курулат

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жаңы стадиондун курулушу быйыл август айында башталат.

22,5 миң орунду стадион борбор калаанын түштүк-батыш аймагында орун алат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Ал келечектеги стадиондун эскизин жарыялады.

Султанбаев стадионду бул тармакта көп жылдык тажырыйбасы бар европалык компания кура турганын белгиледи.

“Каржылоонун негизги бөлүгүн европалык инвестициялар түзөт. Стадиондун курулушу болжол менен эки жылда бүтөт”, — деди Султанбаев.

14-июнда президент Садыр Жапаров быйыл август айында Бишкекте 22,5 миң адам бата турган заманбап жаңы футболдук стадиондун курулушу башталарын билдирген. Өлкө башчынын маалыматына ылайык, ал чоң иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташкан көп функциялуу спорттук арена болот.

Азыркы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион — эл аралык мелдештерди кабыл ала турган жалгыз жай. Мурда ал “Спартак” стадиону деп аталып, 1939-жылы башталып, 1941-жылы курулуп бүткөн. 1963-жылы кайрадан реконструкцияланган. Стадиондо футболдук аянт, чуркоо жолу, 18 миң күйөрман сыйган трибуна, спорт ийримдери үчүн жайлар бар.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты