Жаңы сатып алынган учак Бишкекке конду

  • 1 месяц мурун

Кыргызстанга жаңы “Airbus A320” үлгүсүндөгү учак келип конду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
 
Мининстрлер кабинетинин төрагасы Кыргыз Республикасы өнүгүү жолуна түшкөнүн, атайын жана аскердик техникалар, алдыңкы медициналык жабдуулар жана коомдук транспорт республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынып жатканын белгиледи.
 
“Элибиздин кыргыз жеринде бейпил жашаса деген кыялдары ишке ашышын каалайбыз. Кечээ эле өлкөнүн бюджетинин эсебинен тигил же бул техниканы сатып алууну ойлоно да албасак, бүгүн самолетторду вертолетторду сатып алып жатабыз. “Кыргыз элин кыргыз жеринде кор кылбайлы” деп президент айткандай, бул биздин негизги милдеттерибиздин бири”, — деди Акылбек Жапаров.
 
Белгилей кетсек, 2002-жылы чыгарылган Airbus A320 учагы бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынып, президенттин иш башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты