«Жаңы салык саясатына салыкчылар да даяр эмес экен». Садыр Жапаров «Дордой» базарына барды

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 5-декабрда президент Садыр Жапаров «Дордой» базарына барды. Ал жаңы салык саясатына Салык кызматы дагы даяр эмес экенин айтты.

«Мен эки күндөн бери баарын изилдеп чыктым. Азыр кандай иштеп жатышса июль айына чейин тийбегиле, токтотуп тургула дедим. Анткени салыкчыларыбыз өздөрү даяр эмес экен. Муну кечээ билдим», — деди мамлекет башчы.

Базарларда соодагерлер ККМге каршы митингге чыгышкан. Мындан улам президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзүп, текшерүү жиберген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты