Жаңы окуу жылынан тарта Кыргызстандын мектептеринде жумасына эки жолу гимн аткарылат

  • 2 года мурун

Жаңы окуу жылынан тарта мектептерде аптанын башында жана аягында мамлекеттик гимн аткарылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, мындай чечим президенттин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу” жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

«Балдардын улуттук, мекенчилдик жана жарандык аң-сезимин калыптандыруу жана бекемдөө үчүн 30-августта министрдин буйругу менен мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарындагы мамлекеттик символдорду колдонуу боюнча Усулдук сунуштар бекиди», — деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты