Жүргүнчүнү баласы менен сүзүп кете жаздаган айдоочу иштен бошотулду

Бишкекте №36 каттамдын айдоочусу кызматтынан алынды. Шаардык транспорт муниципалдык ишканасы билдиргендей, социалдык тармактарда тараган видео боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, окуя видеокөзөмөл аркылуу текшерилген.

Анын жыйынтыгында айдоочу жөө өтмөктөн өтүп жаткан жөө жүргүнчүгө жол бербей, жол кыймылынын эрежесин бузганы аныкталган. Окуя учурунда ал аялды баласы менен сүзүп кете жаздаганы белгиленди.

Топтолгон материалдар мыйзам чегинде чара көрүү үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүлүп, айдоочу каттамдан четтетилип, тартип комиссиясынын чечими менен жумуштан бошотулган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты