Өзгөндө жергиликтүү тургунду бычак менен коркутканга шектелгендер кармалды 

  • 2 года мурун

Өзгөндө жергиликтүү тургунду бычак менен коркутканга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин бамиа сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 27-ноябрь күнү Өзгөн районунун ички иштер бөлүмүнө  Кызыл-Октябрь айыл аймагынын 1989-жылы туулган С.Б. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда өз үйүнүн жанында «SHACMAN» үлгүсүндөгү унаасында   отурган учурда   бейтааныш төрт жигит келип, унаанын эшигин ачкан. Алардын бири жабырлануучунун моюнуна бычак такап, экинчиси муунтуп, ур-соккуга алып,  акча талап кылган. Унаанын ичиндеги  10 миң сом акча каражатын алып,    аялы үйүнөн чыгып келе жатканын көрүп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкендигин билдирген. 

Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жабырлануучунун денесинен алган жараатынын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүүлөрдүн бири 1992-жылы туулган С.у.К. окуя болгон күнү кармалып, ал эми калган шектүүлөр из жашырып кетүүгө үлгүргөн. 

Ыкчам-издөө иш-чаралардын жыйынтыгында 2024-жылдын 28-декабрь күнү кылмышка шектүүлөр Кара-Суу районунун 1993-жылы туулган Ж.у.А., Өзгөн районунун тургуну 1997-жылы туулган Н.у. М., кармалган.  Ал эми 2025-жылдын 15-январында  Кара-Суу районунун 1991-жылы туулган С.у.М., аттуу тургуну кармалып, камакка алынды. 

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө аталган окуяда  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинде (Каракчылык) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери байкалгандыктан 2024-жылдын 28-декабрында  аталган беренеге өзгөртүлгөн. 

Кошумчалай кетсек, шектүүлөр буга чейин да сот жообуна  тартылган. Учурда ыкчам-тергөө амалдары уланууда. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты