Өзгөндө уурдоо фактысына шектелген жаран кармалды

  • 2 года мурун

Өзгөндө уурдоо фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-ноябрь күнү Өзгөн райондук Ички иштер бөлүмүнүн Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында уурдоо фактысы менен бир жаран кармалды.

Иликтөө иштеринин натыйжасында Кара-Кулжа районунун тургуну 29 жаштагы А.уулу С. аттуу экендиги аныкталган. Кылмышка шектүү Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.Бул факты Өзгөн РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-берененин негизинде (уурдоо) кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.Бул кылмышка шектүү төмөндөгү факты боюнча шектүү катары өтүп жатышат. 18-сентябрда саат 09:00 чамасында Өзгөн РИИБге кабар келип түшкөн, анда Өзгөн районунун тургуну 1971-жылы туулган Б.Э. аттуу жарандын жашап жаткан батирине белгисиз жаран кирип, үйүнүн ичинен 50 миң сом акча каражаттарын уурдап алып чыгып белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкендигин билдирген.

Учурда мындан башка да кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендиги текшерилүүдө. Тергөө ууланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты