Өзгөндөгү жол кырсыгынан айдоочу эки баласы менен каза тапты

  • 2 года мурун

11-майда Өзгөндүн Ана-Кызыл айылынын тушунда, Бишкек-Ош жолунда Toyota Land Cruiser жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Натыйжада Daewoo Matiz унаасынын айдоочусу М.Н. окуя болгон жерде каза тапкан.

Айдоочунун 6 жаштагы уулу Т.А. жана 5 жаштагы кызы Т.Н. денесинен оор жараат алып, Өзгөн райондук ооруканасында каза болгон.

Маркумдун кош бойлуу жубайы К. кызы Н., Land Cruiser унаасынын айдоочусу жана 16 жаштагы К.Э. 19 жаштагы К.А. аттуу жүргүнчүлөрү денелеринен ар кандай жараат алып, райондук ооруканасына жаткырылган.

Ооруканада К. кызы Н.нын боюнан түшүп калганы кабарланды.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты