Өзгөндө 1 тоннага жакын кара куурай жок кылынды

  • 1 год мурун

Өзгөндө 1 тоннага жакын кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-июнь күнү Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан «Кара куурай» аталыштагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Дубитель участкасында жалпы 30 сотых жерден 1 тоннага жакын жапайы өскөн кара куурай орулуп өрттөө жолу менен жок кылынды. Ошондой эле, баңгизаттарды мыйзамсыз ташыган адамдарды аныктоо максатында посттор уюштурулуп, унаалар текшерилип, мурда соттолгон жарандар менен профилактикалык иш-чаралар жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ош облус аймагында “Кара куурай ” иш-чарасынын биринчи этабы жүрүп, жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында жер-жерлердеги милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен иш алып барууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты