Өзгөндө 1,5 га жер мыйзамсыз менчиктештирилген

  • 5 месяцев мурун

Өзгөндө «Кадастр» соттун жасалма чечиминин негизинде 1,5 га жер тилкесин менчиктештирип бергендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү.

«Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Өзгөн филиалынын кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Дөң-Булак айыл аймагынын Пайзабад участкасында жайгашкан 1,5 га жер тилкеси токой жана жайыт категорияларында экендигин жана жеке менчикке берилбестигине карабастан, Өзгөн райондук сотунун жасалма чечиминин негизинде М.С. аттуу жаранга мыйзамсыз мамлекеттик акт жасап беришкендиги аныкталды.

Бул кылмыштуу аракеттердин жыйынтыгында мамлекеттин кызыкчылыгына 14 млн 400 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Документтердин жасалмасын жасоо» беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү Өзгөн РИИБге тапшырылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты