Өзгөн районунда сел каптады
- 2 недели мурун
Өзгөн районунда сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ, 25-апрель күнү саат 23:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагынын Корсетти айылында сел жүрүп, 1 турак үйдүн короосун жана ички чарбалык унаа жолду каптаган, унаа жол ачык.
Бүгүн, Жарадык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Муну бөлүшүү