Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу чаралары боюнча кеңешме өткөрүлдү  

  • 3 недели мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев 23-августта республиканын аймагында болуп өткөн өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча кеңешме өткөрдү. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары онлайн/оффлайн форматында катышты.

МинКаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев алдыда күтүлүүсү мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча комплекстүү чараларды көрүүнү тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырды. 

Анда болуп өткөн өзгөчө кырдаалдарга талдоо жүргүзүү, жаратылыш кырсыктары болуусу мүмкүн болгон аймактарды алдын ала аныктоо жана ар кандай жоготууларды болтурбоого чара көрүү сыяктуу бир катар тапшырмалар тизмектелип, жыйындын протоколуна киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу (ӨКМ) караштуу Кыргызгидромет кызматынын шашылыш билдирүүсүнүн негизинде, 23-25-август күндөрү туруксуз аба-ырайына, күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолуна ылайык, өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүүсү, таш кулоосу күтүлүүдө.

Айрыкча Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Ала-Бука, Ноокен, Тогуз-Торо, Чаткал жана Базар-Коргон райондорунда, Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Араван, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда, Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Чүй, Сокулук, Москва жана Панфилов райондорунда, Нарын облусунун Ак-Талаа жана Нарын райондорунда, Талас облусунун Ч.Айтматов, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунун жана Бишкек, Ош шаарларынын аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо активдешүүсүнө алып келиши мүмкүн.

Сүрөттө: Сел жүрүшү мүмкүн болгон жерлердин картасы. ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты