Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын техникалар тапшырылды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 13-августта өлкө башчысы Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) жаңы атайын техникаларды тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМ түзүмдөрүнө Airbus H-125 тик учагы, автобустар, чынжырлуу жана дөңгөлөктүү экскаваторлор, алдыңкы жана айрылуу жүктөгүчтөр, жол тандабастар, 150 мобилдик үй жана башка техникалар тапшырылды.

Президент Жапаров аталган техникалар мамлекеттик бюджеттен алынганын билдирди. Анын айтымында, бул техникаларды алуу үчүн бюджеттен 384 миллион 140 миң сом бөлүнгөн.

Мындан сырткары аталган министрликке Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен 1 миллион 23 миң 480 долларга 10 даана жол тандабас пикап автоунаалары, 1 даана кичи автобус, 11 даана инженердик оор техника сатылып алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты