Өзгөчө кырдаал режими киргизилген облуста 508 адам 82 техника иштеп жатат

  • 3 месяца мурун

Өзгөчө кырдаал режими киргизилген облуста 508 адам 82 техника иштеп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош облусунун аймагында туруксуз аба ырайына байланыштуу, үстүбүздөгү жылдын 20-21-апрелинде нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел каптоолор жаралды.
Учурда селдин кесепеттерин калыбына келтирүүдө 508 адам, 82 техника иштеп жатат.

508 адамдын 118и Жарандык коргонуу кызматтарынан, 34ү жергиликтүү өзүн өзү башкаруу бийлигинен, 245и жергиликтүү тургунда жана 111 куткаруучу тартылган.

Инженердик техникалар жалпы 43 болсо – ӨКМден 4, жол тейлөө ишканасынан 9, жарандык коргонуу кызматтарынан 3, жергиликтүү бийликтен 19, жеке менчиктен 8 жеринде тазалоо иштерине тартылган.

Эскерте кетсек, сел кесепеттерин жоюу, кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу үчүн президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ош облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты