“Өзгөчө бөбөгүм”, “Аутизм менен жашоо”. Аутизм тууралуу биринчи жолу кыргыз тилинде эки китеп жарык көрдү

  • 1 год мурун

Бүгүн, 24-июлда Бишкекте кыргыз жана англис тилиндеги балдар үчүн «Өзгөчө бөбөгүм», чоңдорго арналган “Аутизм менен жашоо” деген аталыштагы китептин бет ачары өттү.

“Өзгөчө бөбөгүм”, “Аутизм менен жашоо”. Аутизм тууралуу биринчи жолу кыргыз тилинде эки китеп жарык көрдү

“Өзгөчө бөбөгүм” китебинин автору — АКШдагы Сент Жонс колледжинин 3-курсунун студенти Зейнеп Ибрагим кызы. Ал буга чейин аутизм жөнүндө кыргыз тилинде китептер чыкпаганын белгиледи. “Мен Германияга барганда аутизмдин дарысын издегем. Бул жакка келип дагы аутизм жөнүндө изилдеп, дарыны таба албай койгом. Жылдар өтүп чет өлкөдө аутизми бар адамдар кантип жашаганын көрүп, элге аутизм жөнүндө өз тилибизде маалымат керек экенин түшүмдүм”, — деди Зейнеп Ибрагим кызы.

Китепте автор өзүн күчүктүн ордуна коюп, иниси Урмат тууралуу айтып берет. “Китеп балдарга аутизмди таанытуу максатында кыргыз, англис тилинде жазылган. Бул китеп аркылуу кыргыз тилдүү балдар англис тилин үйрөнө алышат. Мен мында өзүмдү күчүктүн ордуна коюп, иним Урмат менен болгон мамилени айтып берем”, — деди ал.

“Өзгөчө бөбөгүм”, “Аутизм менен жашоо”. Аутизм тууралуу биринчи жолу кыргыз тилинде эки китеп жарык көрдү

“Аутизм менен жашоо” китебинин автору — журналист Бактыгүл Чыныбаева. Ал социалдык тармак аркылуу жеке баракчасына аутизм жөнүндө маалымат сурап кайрылган ата-энелер көп экенин билдирди. Китепте аутизми бар балдардын үй-бүлөлөрүнүн психологиялык абалы тууралуу бир топ кеңештер камтылган.

“Өзгөчө бөбөгүм”, “Аутизм менен жашоо”. Аутизм тууралуу биринчи жолу кыргыз тилинде эки китеп жарык көрдү

“Биз Урматтын абалы жөнүндө ачык айтып баштагандан бери жеке баракчама аймактардагы ата-энелер кайрылып башташты. Аутизм жөнүндө кыргыз тилинде таптакыр маалымат жок экен. “Аутизм жугабы, инфекциялык оорубу” деп жазган ата-энелер болду. Жеке баракчамды ачпай калсам өзүмдү күнөөлүү сезем, анткени күнү-түнү ата-энелер кайрылышат. Биз бул китепче аркылуу аутизм эмне экенин, ал жукпай турганы боюнча маалымат беребиз. Көптөр “Урматты кайда алып барып дарылаттың? Силердин чет өлкөгө алып чыкканга мүмкүнчүлүгүң бар” деп айтышат. Мен Урматты эч жакка алып барган жокмун, эч кандай дары берген жокмун. Биз Урматтын аркасы менен көп нерсени үйрөндүк. Билим деңгээлибизди улам-улам жогорулатып келе жатабыз. Көп ата-энелер маркетингдин курмандыгы болуп калышат. Биз аутизми бар балдардын ата-энелери ишенчээк болобуз. Үмүттүн артынан кубалап, болгон каражатыбызды бергенге даярбыз. Бул китеп үмүттү жөн эле кубалай берип, өзүбүздү жоготуп албайлы деген максатта жазылган. Өзүңүздү өнүктүрсөңүз, балдарыңызда дагы өнүгүү болот”, — деди Бактыгүл Чыныбаева.

“Өзгөчө бөбөгүм”, “Аутизм менен жашоо”. Аутизм тууралуу биринчи жолу кыргыз тилинде эки китеп жарык көрдү
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты