Зеленский: Орусия менен «аймактык бүтүндүк боюнча компромисстер болбойт»

  • 2 года мурун

Украинанын президенти Владимир Зеленский Стамбул шаарында өткөн украин-орус сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы жөнүндө пикирин билдирип, Киев сүйлөшүүлөрдү улантууга жана анын натыйжалуу болушуна кызыкдар экенин айтты.

«Ошол эле маалда Украинанын эгемендиги жана аймактык бүтүндүгү боюнча эч кандай компромисс болбойт жана болушу мүмкүн эмес. Бул биздин так принциптерибиз», — деди Зеленский видеокайрылуусунда.

Украин президенти акыркы сүйлөшүүнүн жүрүшүндө жалпысынан орус тараптан позитивдүү сигналдар болгонун белгилеп, бирок орус армиясынын Киев жана Чернигов багыттарындагы активдүүлүгү азайганы тууралуу билдирүүлөргө ишенбей туруу керек экенин айтты.

«Бул сигналдар орус снаряддарынын жарылуусун басаңдата албайт. Украиндер чабуулдун 34 күнүндө да, Донбасстагы акыркы сегиз жылдык согушта да конкреттүү жыйынтыкка гана ишенүүгө болорун түшүнүштү», — деди Зеленский.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты