Зеленский: Орусия Казакстан менен Балтика өлкөлөрүн коркутууда

  • 10 месяцев мурун

Украинанын президенти Владимир Зеленский БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Казакстан орус агрессиясынын таасири алдында экенин айтты.

«Ар бир он жылда Орусия жаңы согушту баштайт. Молдова менен Грузиянын айрым жерлери оккупацияланган бойдон калууда. Сирияны урандыга айлантты. Орусия Беларусту дээрлик жутуп бүттү. Бул ачык эле Казакстан менен Балтика өлкөлөрүнө коркунуч туудурат», — деди Зеленский БУУнун трибунасында.

Украин президенти Орусиянын өзөктүк куралга ээ болууга укугу жок экенин билдирди.

«20-кылым бүткүл дүйнөгө өзөктүк куралды колдонуудан алыс болууга, аны жайылтпоого жана аны менен коркутпоого үйрөттү», — деди украин лидери.

Зеленский азык-түлүк коопсуздугуна да токтолуп, Орусия украин портторун бөгөп алганын, Днепр учкучсуз учактардын бутасы бойдон калып жатканын белгиледи.

Зеленскийдин айтымында, Москва башкаларды оккупацияланган украин аймактарын Орусиянын бир бөлүгү катары таанууга мажбурлоо үчүн азык-түлүк каатчылыгын курал катары колдонууда.

Ошол эле учурда Зеленский «дандан триллер жасап жатат» деп айрым Европа өлкөлөрүн да сынга алды.

«Алар өздөрүнүн ролун аткарып жаткандай сезилиши мүмкүн, бирок чындыгында алар «Москва актерунун» сахнасын даярдоого жардам берип жатышат», — деген Зеленский бул кайсы мамлекеттер экенин айткан жок.

Мындан тышкары Зеленский Орусияны «он миңдеген» украиналык балдарды уурдап кетти деп дагы бир жолу айыптады. Украинанын президенти Эл аралык кылмыш соту балдарды оккупацияланган аймактарга мыйзамсыз ташыган деген шек менен Орусиянын президенти Владимир Путинди камакка алуу боюнча ордер бергенин эске салды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты