Зеленский Орусия Донбасска чабуул койгонун билдирди

  • 2 года мурун

Орус армиясы Донбасска чабуулун баштады. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский кезектеги видео кайрылуусунда билдирди.

«Биз украиндерге таандык эч нерседен баш тартпайбыз жана бизге башка бирөөнүкү да керек эмес. Мен биздин бардык баатыр шаарларыбыз Донбасс, Мариуполдогу аскерлерге, ошондой эле Харьков облусундагы шаарларга ыраазымын», — деди Зеленский.

Мунун алдында Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов орус армиясы православдардын Пасха диний майрамына чейин Донецк жана Луганск облустарын толугу менен басып алууну пландап жатканын айткан. Быйыл Пасха 24-апрелде белгиленет.

Өз кезегинде украин президентинин аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак «согуштун экинчи этабы башталды» деп билдирди.

Жергиликтүү тургундар менен журналисттер Донбасстагы фронттун бүтүндөй линиясындагы салгылашуулар, Харьков менен Николаевдин аткылоосу тууралуу азыртан эле айтып жатышат.

Дүйшөмбүдө «Азов» полкунун командири Денис Прокопенко дүйнө лидерлерине видеокайрылуу жолдогон. Ал Мариуполдогу «Азовсталь»металлургиялык заводунда жүз миңдеген жай тургундар чабуулдан коргонуп отурганын кабарлаган. Прокопенконун айтымында, муну орус аскерлери билет, ага карабай алар заводду аткылап жатышат. Прокопенко дүйнө лидерлерин «жашыл коридор» уюштурууга жана жай тургундарды, жарадар жоокерлерди жана сөөктөрдү алып чыгып кетүүнү камсыздоого үндөгөн.

Мариуполь бир жарым айдан бери орус аскерлеринин курчоосунда турат. Шаарда 100 миңдей карапайым тургун калган. Калаага азык-түлүк, суу, дары-дармек, электр кубатын жеткирүү толугу менен токтотулган. Мариуполдо талкаланбаган имарат калган эмес.

Орусия жай тургундарга чабуул жасабаганын жана аскердик объектилерди гана аткылап жатканын билдирип келет. Орусиянын Коргоо министрлиги украин аскерлери тынч тургундарды калкан катары колдонуп жатканын бир нече жолу айткан. Украина бул айыптоолорду четке каккан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты