Өздөрүн күч түзүмүнүн кызматкери деп тааныштырып ишкерди уурдаган деген шек менен үч жаран кармалды

  • 1 год мурун

Ош облусунун Ноокат районунда акча талап кылуу максатында ишкерди уурдаган деген шек менен үч жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

ИИМден билдиришкендей, 22-июнда Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарыныны тургуну арыз менен кайрылып, тууганын кечинде белгисиз адамдар күч колдонуп, BMW X-5 үлгүсүндөгү унаага салып кетишкендигин билдирген. Туугандары уурдалган жаран ишкерлик менен алектенип жүргөнүн айтышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (Адам уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, издөө иштери башталган. Жыйынтыгында шектүүлөр менен уурдалган ишкер Ош облусунун Ноокат районунун аймагында табылган. Кылмышка шектүүлөр — 1991-жылы туулган А.Б., 2000-жылы туулган А.уулу К. жана 2000-жылы туулган Б.уулу Ш. болгон.

Милициянын маалыматына ылайык, шектүүлөр ишкерге өздөрүн күч түзүмдөрүнүн биринин кызматкери катары тааныштырып, алдоо жолу менен унаага салып кетишкен. Алар ишкерди акча талап кылуу максатында уурдашканы айтылат.

Соттун чечими менен кармалгандардын баары эки айга камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты