Өзбекстанга башкарууга берилип жаткан төрт пансионаттын тарыхы
- 1 month мурун
- Баяндар
17-августта Кыргызстан Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берери тууралуу маалымат тарады. Анда Ысык-Көлдүн жээктеринде “Эне-Сай”, “Бостери”, “Алтын Жай” жана “Бустон” пансионаттары жайгашкан жерлер ижарага берилип, ал эми коңшу өлкө пасионаттарды реконструкциядан өткөрөрү айтылат.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын онунчу отурумунда жетишилген келишимге ылайык, “Алтын Кум” пансионаты “Ташкент механикалык заводу” акционердик коомуна; “Дилором” пансионаты — “Асакабанк” акционердик коомуна; “Рахат” пансионаты — “Өзбекстан Республикасынын тышкы экономикалык ишмердиктин Улуттук банкы” акционердик коомуна; “Бустон” объекти — “Узпромстройбанк” акционердик коомуна өткөрүлүп берилди.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директору Канатбек Тургунбеков Өзбекстан пансионаттардын ар бирине 15-20 миллион доллар инвестиция жумшоону көздөп жатканын белгиледи.
Пансионаттардын тарыхы
Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, аталган пансионаттар Советтер союзу учурдунда Өзбек ССРинин каражатына курулган. Советтер Союзу таркагандан кийин 1992-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда келишим түзүлүп, анын негизинде Кыргызстандын аймагында жайгашкан пансионаттар Өзбекстандын карамагында болуп келген.
2016-жылы 18-мартта ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстан Кыргызстандын Аксы районундагы Чала-Сарт аймагына аскерин алып кирген учурда ушул төрт пансионатты Кыргызстанга өткөрүп алуу маселесин көтөргөн болчу.
“Биз коңшулардын көзүн карап жатып, 25 жылдан бери кээ бир өзүбүздүн объектилерибизди өзүбүзгө ала албайбыз. Алар Кыргызстандын ичинде турса дагы! Алардын көзүн карап жатып көп жерлерибизден ажырап да калганбыз. Ошондуктан муну биз токтотушубуз керек. Кыргызстан мындан ары эч кимдин астында тизе бүгүп турбайт! Мен президент болуп турганда андай болбойт. Биздин мурунку чоңдор – Акаев болобу, Бакиев болобу, бүжүрөп, алардын айтканын кыла берип, көндүрүп коюшуптур. Андай болбошу керек эле да. Кыргызстан эгемендүү мамлекет. Ал өзүнүн жерлерин, өзүнүн объектилерин өзүнүн карамагына кайтарып алышы керек. Аны мен баштабасам ким баштайт?”,- деп айткан Атамбаев.
2016-жылы 4-апрелде ошол кезде премьер-министр болуп турган Темир Сариев “Дилором”, “Рохат-НБУ”, “Алтын кум” жана “Бустон” пансионаттарын Кыргызстандын менчигине өткөрүү тууралуу токтомго кол койгон.
Бул окуя Аксыдагы Үнкүр-Тоого байланышкан чатак чыккан маалга туш келген. Сариевдин мындай кадамга баруусуна кыргыз-өзбек чек арасында болгон чыр себеп болгону айтылган.
Эске салсак, 2015-2016-жылдары кыргыз-өзбек чек ара маселеси чечилбей, абал туруктуу эмес болуп турган. Байма-бай атышуулар болуп, жарандарга ок тийген учурлар дагы катталган. Ал эми 2016-жылы 18-мартта өзбек тарап чек арадагы талаштуу аймакка аскер техникасын киргизген. Бул кырдаал боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстанга нота жолдогон.
Президент Садыр Жапаров Темир Сариевдин 2016-жылдагы пансионаттарды Кыргызстандын менчигине кайтаруу чечимин “популисттик кадам болгон” деп сындады.
2017-жылы Өзбекстан дээрлик 24 жыл бою башкарып келген пансионаттардын Кыргызстандын менчигине кайтарылышы боюнча эл аралык арбитраждык сотко доо арыз менен кайрылган. Анда Ташкент Кыргызстанды мурун Советтер Союзунун курамында болгон өлкөлөрдүн ортосунда 1992-жылы кол коюлган “Союз кулагандан кийин башка республиканын аймагында калган объектилерди пайдалануу боюнча макулдашууну” бузду деп айыптаган.
2017-жылдын ноябрь айында Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланат. Ошол эле жылы декабрь айында кыргыз өкмөтү төрт пансионатты Өзбекстанга кайтарууну көздөп жатканы маалымдалган. Өкмөт бул чечим мамлекеттер ортосундагы Түбөлүк достук келишиминин алкагында кабыл алынганын, аймак Өзбекстанга убактылуу пайдаланууга берилгенин айткан. Келишимге ылайык, өзбек тарап пансионаттардын аймагына 3-4 жылдыздуу мейманкаларды куруп, кыргызстандыктарды жумуш менен камсыздашы керек болчу.
Бирок 2019-жылдын май айында кыргыз өкмөтү Өзбекстан менен келишимге кол коюла электигин билдирген. Кыргызстан 4 пансионатты кайтарып бербегени, Өзбекстан менен соттошору айтылган.
2020-жылдын февраль айынын башында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ден-соолукту чыңдоочу жайларды жеке инвесторлорго берүү ниетин билдирген. Ведомство үч пансионатты жеке жактарга пайдаланууга берүүнү пландаган, бирок ошол эле учурда алар мамлекеттин менчигинде калышы керек болгон. Мындай чечимди пансионаттардын абалы начар экендиги менен түшүндүрүшкөн.
Бирок 2016-жылга чейин бул пансионаттарга ээлик кылган Өзбекстандын мамлекеттик компаниялары буга каршы чыгышкан. Алар биргелешкен билдирүү таратып, “пансионаттарды сатууга каршы экенин” белгилешкен.
Садыр Жапаров пансионаттардын Өзбекстанга берилишине байланыштуу комментарий берип, Кыргызстан эл аралык соттон утулуп калганын, Өзбекстанга 40 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирилгенин айтты. Ал эми кыргыз тараптын мындай чоң сумманы төлөөгө шарты жок болгондуктан, пансионаттар 49 жылга башкарууга берилгенин белгиледи. Жапаров өз сөзүндө аталган пансионаттардын учурдагы абалын “аткана” деп атаган.
Эне-Сай же Дилором
“Дилором” – Чолпон-Ата шаарынан 5 км алыстыкта жайгашкан Кара-Ой айылындагы 350 орундуу пансионат. Анын азыркы кездеги абалын төмөндөгү сүрөттөрдөн көрсө болот:
“Бостери” же “Алтын кум”
Бостери айылында жайгашкан бул пансионат 700 адамга ылайыкташкан.
“Алтын Жай” же мурдагы “Рохат-НБУ“
Жогорудагы сүрөттөр IssykKul.Biz сайтына жарыяланган. Анда пансионаттардын учурдагы абалы көрсөтүлгөн.