Өзбекстанга акыркы беш айда 2,5 млн турист барды

  • 1 год мурун

Январь-май айларында Өзбекстанга 2,6 миллион турист барган, алардын көбү Борбор Азия жана Орусия жарандары. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети билдирди.

5 айда Өзбекстанга жарандары эң көп барган өлкөлөрдүн тизмесинде Тажикстан (797,8 миң адам) биринчи орунда турат.

Кийинки орундарды Казакстан (656,5 миң адам), Кыргызстан (649,5 миң адам), Орусия (279,8 миң адам), Түркия (39,5 миң адам) жана Түркмөнстан (21,2 миң адам) ээлейт.

Бул арада январь-май айларында Өзбекстанга Кореядан 12,4 миң, Индиядан 12,3 миң, Кытайдан 9,6 миң, Германиядан 9,5 миң турист барган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты