Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Айт майрамы менен куттуктады

  • 2 года мурун

Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Тарыхый достук жана жалпы баалуулуктар менен тыгыз байланышкан Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташуу мамилелери мындан ары да өлкөлөрүбүздүн жалпы өнүгүүсүнүн жыргалчылыгы үчүн ырааттуу өнүгө берерине ишенем. Акыркы жылдарда биздин эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги жемиштүү жолугушууларыбыздын алкагында жетишилген бардык макулдашууларды ийгиликтүү ишке ашыруу биздин мамлекеттерибиздин гүлдөп-өнүгүшүнө жана дос элдерибиздин келечеги үчүн дагы жигердүү кызматташууга негиз болуп кызмат кылат», — деп айтылат Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин куттуктоосунда.

«Жогорку руханий баалуулуктардын — гуманизмдин, кайрымдуулуктун, боорукердиктин жана адеп-ахлактык тазалыктын символу болгон бул жаркын майрам бүткүл мусулман коомчулугунда өз ара урматтоону жана түшүнүүнү, ынтымакты жана тынчтыкты чыңдоого жардам берет деп терең ишенем», — деп жазылат Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосунда.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон: «Гуманизм идеяларына толгон бул куттуу майрам жаркын ислам дининин өз ара түшүнүшүү, сабырдуулук, кайрымдуулук, боорукердик, тилектештик жана бири-бирине колдоо көрсөтүү сыяктуу бийик баалуулуктарын камтыйт.

Тарыхый бекем салттарга ээ болгон достук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелерди чыңдоо жана кеңейтүү менен биздин өлкөлөр элдерибиздин түпкү таламдарына ылайык биргелешкен жаратмандык күч-аракет менен мындан ары да өнүктүрө берерине ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты