Өзбекстандын президенти Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 30-июлда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет.
Маалыматка ылайык, анын жүрүшүндө бетме-бет форматта жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландалууда.
Сапардын жыйынтыгында бир катар мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документтерге кол коюу мерчемделген.
“Өзбекстандын президентинин алдыдагы мамлекеттик сапары достук, ишеним жана өз ара колдоо принциптерине негизделген кыргыз-өзбек мамилелерин мындан ары чыңдоодогу маанилүү этап болуп калат”, — деп айтылат маалыматта.
Муну бөлүшүү




