Өзбекстандын премьер-министри Кыргызстанга келди

  • 12 месяцев мурун

Бүгүн, 15-августта Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өзбекстандын премьер-министрин “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды. 

Белгилей кетсек, Абдулла Арипов Кыргызстанга 16-августта Чолпон-Ата шаарында өтө турган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынына катышуу үчүн келди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты