Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келди
- 2 года мурун
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан сыйлуу конокту Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Эске салсак, 2022-жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.
Муну бөлүшүү