Өзбекстандын мурдагы жетекчиси Рафик Нишанов каза болду

  • 2 года мурун

Өзбекстандын мурдагы жетекчиси Рафик Нишанов 97 жаш курагында каза болду. Ал 1980-жылдардын аягында Өзбек ССРин бир жарым жылдан ашык убакыт башкарып, андан соң СССР парламентинин кош палатасынын бирөөнүн төрагасы болуп иштеген.

Кесиби боюнча тарыхчы Рафик Нишанов партиялык карьерасын 26 жашында баштап, Ташкент шаардык аткаруу комитетинин башчысы (мэр), Өзбек коммунисттик партиясынын идеология боюнча катчысы кызматтарын аркалаган. Кийин дипломатиялык ишке өтүп, СССРдин Шри-Ланкадагы, Мальдивдеги жана Иорданиядагы элчиси болгон.

Андан соң Нишанов Өзбек ССРинин Тышкы иштер министрлигин, андан соң республика парламентин жетектеген. 1988-жылы январда ал Өзбекстан коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп, иш жүзүндө республиканы башкарып калган. Өзбек ССРинин ага чейинки жетекчиси Инамжон Усманхожаев коррупция айыбы менен кызматтан алынып, республиканын бардык баскычтагы бир нече миң жетекчиси камакка алынган.

Нишанов республиканы башкарып турган 1989-жылы май айында СССРдин соңку мезгилдериндеги эң кандуу этникалык кагылышуу болгон – Фергана облусунда өзбектер менен месхет түрктөрүнүн ортосунда жаңжал чыккан.

Фергана өрөөнүндөгү бул кагылышууда 103 киши өлүп, 16 миң месхет түркү аймактан эвакуацияланган. Андан кийинки эки жылдын ичинде Өзбекстандан бул улуттун 90 миңден ашык өкүлү чыгып кеткен.

Бул окуядан кийин Нишанов Москвага жөнөтүлүп, ал жакта СССР Жогорку кеңешинин эки палатасынын бирин – Улуттар кеңешин жетектеп калган. Ал СССРди сактап калууга багытталган жаңы Союздук келишим түзүүнү демилгелегендердин бири болгон. СССР таркагандан кийин Нишанов пенсияга чыгып, Москвада жашап, мемуарларды жазган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты