Өзбекстандын министрликтери менен ведомстволорунда иштеген 17 миңден ашуун кызматкер кыскарат

  • 2 года мурун

25-январда Мирзиёев кол койгон жарлыкка ылайык, Өзбекстандын министрликтери менен ведомстволорунда иштеген 17 447 киши кыскарат.

Бул министрлик менен ведомстволордогу бюджеттик жана бюджеттик эмес фонддордон маяна алган жалпы кызматкерлердин 24% түзөт.

Жарлыкка ылайык, министрлик менен ведомстволордун жетекчилеринин орун басарлары 207ден 144кө же 30% кыскарат. Жалпысынан 703 автоунаа жана 10 имарат бошотулат.

Маалыматка караганда, кызматкерлерди кыскартуунун эсебинен бюджетте 1,5 трлн сум ($133,4 млн.), автотронаспорттордун кыскарышынын эсебинен 70 млрд сум ($6 млн.) үнөмдөлөт.

Өзбекстандын министрлик менен ведомстволорунда жалпысынан 56 573 киши эмгектенет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты