Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 24 тонна дарбыз артка кайтарылды

  • 2 года мурун

Өзбекстандан Ошко мыйзамсыз алынып келе жаткан 24 тонна дарбыз артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.

Министрликтен билдиришкендей, “Достук” көзөмөл-өткөрүү бекетинде Өзбекстандан Кыргызстанга алынып келаткан 24 тонна дарбызга ветеринардык көзөмөл жүргүзгөн учурда ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптарын бузганы жана ветеринардык коштомо документтери жок экени аныкталган.

Инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк Өзбекстанга кайтарылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты