Өзбекстанда жашы жете элек балдарын үйлөндүргөн ата-энелер айып пулга жыгылды

  • 4 месяца мурун

Өзбекстандын Бухара шаарында жашы жете элек балдарына үйлөнүү той өткөргөн ата-энелер административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Балдар акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Мурдараак жергиликтүү маалымат каражаттары 29-июнда 16 жаштагы бала менен 17 жаштагы кыздын үйлөнүү үлпөтү «Фатхобод» банкеттик залында болгонун жазышкан.

Бул фактынын негизинде Каракөл райондук ички иштер бөлүмү тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүп, ата-энелерге “Нике курагы жөнүндө мыйзамды же никеге туруу эрежесин бузуу” беренеси боюнча протокол түзгөн.

Нике курагына жете элек адамдарды никеге тургузганы үчүн 7 негизги эсептик көрсөткүчтөгү (2,38 млн сум) айып салынды.

Маалым болгондой, ата-энелер диний жөрөлгө менен нике кыйдырган эмес, никени ЗАГСка каттаткан да эмес, үлпөт той гана өткөрүшкөн.

Өзбекстандын Үй-бүлө кодексине ылайык, никеге туруу курагы – эркектер үчүн да, аялдар үчүн да 18 жаш.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты